Бүгүн, 2-декабрда Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен 49 жаштагы Нурлан Добулбеков аталган шаардын жаңы мэри болуп шайланды.

Добулбеков Нурлан кесиби боюнча энергетик. Буга чейин ал Жогорку окуу жайларында окутуучу, курулуш компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалап келген.

«Иштин көзүн билген, амбициясы күчтүү, адамдык сапаттары да бийик инсан. Шаардын өнүп-өсүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем.
Нурлан аке, кызмат ордуңузду куттуктап, ишиңизге ийгилик каалайм! Эл үчүн кызмат кылчу мүмкүнчүлүк келди эми…»-деп билдиришти аны жакындан тааныгандар.