Ийгиликтүү адамдар убактысын бөлбөй турган 8 көрүнүш:
1. Акылсыз адамдар менен талашып-тартышуу. Мындай талаштан акыйкат сын-пикир же жаңы идея эмес, бир гана баш оору келип чыгат.
2. Түнкү эрмек. Эгер түнкү саат 12ден кийин маанилүү иши болбосо, алар телефонун чукулап же видеолорду көрүп жатышпайт. Алар, шайдоот абалда эрте туруу үчүн жакшылап эс алганга аракет кылышат.
3. Талаш-тартыш жаралса, кыйкырышып, күч колдонуп чечүүгө аракет кылышпайт. Негатив менен эч качан жеңүүгө мүмкүн эместигин жакшы билишет. Ошондуктан, мисалдар менен, фактылар менен түшүндүрүү жолун тандашат.
4. Башкаларга окшойм деп чыгымдарга барышпайт. Мисалы, эл сыяктуу автоунаа алышым керек деп акчасын чачпайт. Зарылчылык жаралган учурда жана чыгымдары жүк болбосо гана алышат.
5. Эч бир адамга таарыныч сактабайт. Кечирип коюп, андан сабак алып алдыга жыла берүү – ийгиликтүүлөрдүн адаты. Таарынычтар — ашыкча негативдерге жана туура эмес ойлорго түртөт. Пайдасы жок, зыяны көп ишти кылуу кимге пайда?
6. Башкаларга өз кызыкчылыктарын таңуулаганга жол бербейт. Ийгиликтүүлөр, эмне — кандай болуш керек деген башкалардын түшүнүгүнөн эркин. Алардын, ар бир маселеде жеке ойлору бар.
7. Бекер эле убадаларды беришпейт. Алар, сөзгө турбагандык кадыр-баркты, урмат-сыйды кетирээрин жакшы түшүнүшөт.
8. Арызданып, ыйлактай беришпейт. Мындай кылуу оң таасир бербей турган, бекер иш экенин билишет. Андан көрө маселени чечүүгө аракет жумшоо – туура чечим.
Интернет булактарынан алынды.