Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмү шайлоочуларды дем алышсыз кабыл алып жатат. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Кийинки жылдагы президенттик шайлоого карата өлкө жарандарынын конституциялык жана шайлоо укуктарын камсыздоо иши 29-декабрга чейин уланмакчы.

Мекеме иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алууда.

«Жарандарды Москва шаарында добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн 29-декабрга чейин элчиликке кайрылып, шайлоо дарегин (Форма №2 арызы менен) өзгөртүүсүн, консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүсүн эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шайлоочулардын алдын-ала тизмесин БШК сайты аркылуу текшерип алса болот.