Сокулукта өгөй атасы сабады делген баланын энеси ата-энелик милдетти аткаруудан баш тарткан эмес. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала чоң апасынын убактылуу камкордугуна алынды. Учурда туруктуу камкордукка алуу жөнүндө соттун чечими чыга элек.

«Рамазан Ат-Башыда таенеси менен жашап жатат. Анын абалы жакшы. Ошондой эле «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу үчүн райондук соцөнүктүрүү башкармалыгы тарабынан документтер даярдалууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 8-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Кийинчирээк баланан энеси тосмо арыз жазгандыгы белгилүү болгон.