Мамлекет башчынын кызмат ордуна биринчи талапкер, ишкер Бабуржан Тольбаев бүгүн шайлоочулардын кол тамгаларын тапшырды.

БШКнын маалыматы боюнча, кол тамгалар чогулган документтерди талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырган. Мындай документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү эртең түнкү саат 00:00 аяктайт.

Талапка ылайык, 30 миңден кем эмес, жана 60 миңден ашык эмес кол тамгаларды тапшыруу абзел. Кол тамгалардын реалдуу адамдарга тиешелүү болуп-болбогонун БШК сегиз күндүн ичинде текшерип чыгат.

14-декабрды кошумчалай БШК талапкерлерди каттоодон өткөрөт. Эки күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүк алат. Эгерде ал каттоодон өтпөй калса, анда ага БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде маалымдашы керек.