Тоӊ районунун милиция кызматкерлери тарабынан бир катар автоунаалардан тетиктерди уурдагандыгы үчүн шектүү катары беш өспүрүмдү кармашты.
Бул кылмыш боюнча биринчи билдирүү райондук милицияга 25-ноябрда келип түшүп, анда белгисиз адамдардан Кызыл-Туу айылынын тургуну жабыр тарткан. Түнүчүндө, үйүнүн жанында токтоп турган автоунаасынан аккумулятор менен автомагнитола уурдалып, жалпы чыгым 11 миӊ сомдун тегерегин түзгөн.
Бир аз убакыттан кийин Кара-Талаа, Шор-Булак, Кара-Коо айылдарынан да ушундай уурдоо фактылары катталып, автоунаанын эшиктерин ачуу жолу менен, кайрадан автомагнитолалар жана аккумуляторлор уурдалган болучу.
Аталган фактылар Тоӊ РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүщ иштери башталган.
Кылмыш жасоо ыкмалары изилденип, уурулук бир эле адамдар тарабынан жасалгандыгы милиция кызматкерлерине негиз берген. Иликтөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө бул маалымат ырасталган. Милиция кызматкерлери тарабынан 16 жаштан 17 жашка чейинки беш өспүрүм кармалды. Маалым болгондой, кармалгандардын бардыгы Балыкчы шаарында ата-энелери менен жашап, муктаж эмес үй-бүлөөлөрдөн экен. Алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.
Кармалган өспүрүмдөрдүн айтымында, алар иштелип чыккан схема боюнча уурулук кылып жүрүшкөн. Түнкүсүн коӊшу районго барышып, сигнализация менен жабдылбаган автоунааны издешчү. Автоунаа кароосуз экенине көздөрү жеткенде гана, анын эшиктерин, же болбосо терезелерин ачышып, аккумуляторду жана автомагнитолаларды уурдашчу. Уурдалган буюмдарды шаардын базарынан сатышып, андан түшкөн акча каражатына бош убактыларын өткөрүшчү.
Тергөө амалдарынын учурунда, аталган өспүрүмдөрдүн тобу 8 аккумулятор, 2 автомагнитола жана 1 дөнгөлөктү уурдашканы аныкталды. Уурдоого шектүү катары кармалышкан өспүрүмдөр эч жака чыкпоо тил катында калтырылышты.
Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, өспүрүмдөрдүн Тоӊ районундагы башка ушундай уурулук фактыларына тиешеси бар же жоктугу текшерүлүүдө.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы