Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициянын маанилүүлүгүн белгиледи:

«Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем, жалпылап айткан болом. Өлкөдө кырдаал турукташып жатканы канааттандырат. Бизге ошондой эле сиздердин эл аралык келишимдердеги милдеттемелерди аткарышыңар да маанилүү. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында да, ЖККУнун алкагында да позициясын өзгөртпөгөнү кубантат. Бул Кыргызстандын туруктуулугу үчүн да орчундуу».

Владимир Путин Орусия Кыргызстандын экономикасын, социалдык тармагын колдоого аларын билдирип, биргелешкен аракет уланарын кошумчалады. Орусия президенти бул үчүн өлкөнүн ички тынчтыгы зарыл экенин айтты. Ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолор Конституциянын, шайлоо мыйзамдарынын чегинде, жогорку деңгээлде өтөрүнө кызыкчылыгы бар экенин айтып, ийгилик каалады.

Ага чейин сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бийлик 10-январга белгиленген президенттик шайлоону таза жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын айтып, шайлоо өлкөдөгү абалдын андан аркы тынчтыгы үчүн маанилүү экенин билдирген.

Ошону менен катар ал ЖККУ аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ экенин кошумчалап, мында Орусиянын өзгөчө ролун белгилеген.

ЖККУнун саммитине быйыл Орусия жетекчилик кылууда. ЖККУнун мүчөлөрү — Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.