— Эми бир ыңгайсыз суроом бар, Кожогелди агай. Маселен, мындай бир саптарыңыз бар эмеспи:
Жарабастыр тырчыган,
Жараткандын ичи кең –
хиджабыңдын сыртынан-ов,
хиджабыңдын ичинен!
— Ооба. “Тегерандын кыздары” деген ыр.
Жайгын сүйүү этегин
жайнамаздан тышкары,
Тегеренип кетейин
Тегерандын кыздары?! – деп бүтөт. Башка өлкөлөргө барсаң – жолугат, албетте, сулуулар. Бирок бириндеп жолугат. Иранда сулуулар топ-тобу менен! Катар-катары, каат-кааты менен! Таңгалычтуу.
— Сиздин куракта ушундай тентек ырларды жазуу ыңгайсыз эмеспи?
— Ай-иий, тыюу салгыңар келип атабы? Эмне үчүн, маселен, менин куракташтарым Күмөндөр Абылов же Темирлан Сманбеков ашык болгон мажнундун ролун аткарса – жыргап көрөсүңөр, тыюу салуу деген дегеле оюңарга келбейт? Эмне үчүн менин куракташтарым Исирадин Аманбаев, Камчыбек Букалаев сүйүү ырын чыгарса, сыздап-боздоп ырдаса – жыргап угасыңар, дагы чыгарса экен, дагы ырдаса экен дейсиңер? Эмне үчүн менин куракташтарым Юристанбек Шыгаев, Бектен Усубалиев ашыглык, арзуу сүрөттөрүн тартса – телмирип тиктейсиңер, уятсыз дебейсиңер? Анан эмне үчүн мен ашыглык, арзуу, махабат ырларын жазсам – андан адамдык чо-оң айып табасыңар? Токтосун Самудинов деген жаркыраган акын агайыбыз бар го. А киши дайыма айтып калат – бардык чыгармачылыктын, айрыкча акындык чыгармачылыктын жашоодо болгону үч эле эргүү деңизи, үч эле эргүү тоосу бар деп. Бири – жаратылыш кооздугу! Бири – коомдогу жүрөк толкутаар же жүрөк сыздатаар окуялар! Бири – аялзаты (эркектер үчүн)! Болгону үчөө. Эмне үчүн ошол үч деңизимдин, үч тоомдун бирин менден айыргыңар келип атат?! Кандай ташбоорсуңар?! Америка Кошмо Штаттарында сен айдап жүргөн машинанын ичинде ачылган спирт ичимдиги болсо жазага тартат имиш. Ичкен эмессиң. Бирок ачылган арак бар. Сен муну ичкенге ниеттенип жатасың деп жазалайт экен. Силер дагы, Рыскүл, менин үч деңизимдин, үч тоомдун бирин жоготууну ниеттенип жатасыңар. Баса, мен ырларды өзүм үчүн жазбаймын да. Окурмандар үчүн, эл үчүн жазам. Сенин жигитиң сага окуп берсин деп жазам.
— Анда Анкарада жазылган соңку арзуу ырларыңыздан айрым саптарды окуп бериңиз? Менин жигитим мага окуй турган саптардан?
— Ошондой десең… Шартка жараша үзүндүлөрүн гана окууга туура келет. “Сен мени бийге тарттың” деген ырдан:
Сен мени бийге тартып – селт эттирдиң,
сезимдин алоосунда жер тептирдиң.
Жанагы мага ийкеген канат-колуң
жандооч да, коргооч болуп – элпек жүрдүм.
Бүттү бий. Колдон ѳбѳм деп аткамын,
бүгүлсѳм – бүтүн элеп-желеп жаным.
Кѳрдүм-ов – булдузордун калагындай
кѳз-караш эрин-колго келатканын…
“Мүймүйгөн” деген ырдагы саптар:
Мүнөтү, сааты гүлгүн, мөл,
мүймүйгөн сулуу, мүймүйгөн!
Утурлап бизди тоскондо
узактан сага үйрүлгөм!
Сен билген тилди мен билбей,
мен билген тилди сен билбей,
тикелей баарын көзгө айткан
тилим бар бирок – телмирмей!
Королдор көрсө – шалдайган!
Корейде тура андай жан!
Балмуздак жечү кашыктай
баскан бир изи шаң жайган!
(Калганын китептен окуңуздар. 5-том. 104-105-беттер. 2018-жылы берген маектен.)
Макала акын Кожегилди Култегиндин фейсбук социалдык тармагынан алынды.