Көпчүлүк сурай беришет, неге көрүнбөй калдың, үйдөн чыкпай калдың деп. Туура, жараткан бизге бир периште берген. Азыр 8 жаштабыз. Ошонун айланасында күйпөлөктөп, курсагы ачтыбы? Жата берип денеси уюп калдыбы деп ошол кызыма жипсиз байланып калдым. Жараткан наристе берсе да ден-соолугу чың берсин экен. Улуу кызым төрөттөн кыйналып ДЦП деген илдет менен алышып келебиз. Үйдөн чыкпай калуумдун себеби ушул. Бирок бүгүн дал ушул мага окшогон апалардын түйшүгүн жеңилдеткен, чындап эл үчүн кызмат кылган адам тууралуу айткым келди. Мындай наристелер мамлекет тарабынан колдоого алынып, жардам көрсөтүлүп келет. Ошол жардамдарды кечиктирбей өз убагында берип, узун кезек күтүп почтага барып, абалыңды айтсаң түшүнбөй, бизде деле бала бар дешип, кезегиңди күт деп кыйналган күндөр арта калды. Болбосо ошол почтага жок дегенде дары-дармегине жарап калаар деген максатта 4000 сом алганы барат элек..

Улукбек Кочкоров кызматка келгени калкты социалдык жактан тейлөө бир топ өзгөрдү. Майып балдарды караган, апаларга ассистенттик акча бериле баштады. Башка жетекчилерден өзгөчөлүгү Кочкоров, берилүүчү каражатты банктан эсеп ачтырып түз эле карточкага түшө турган кылып берди. Кийинчерээк, балдардын пенсиясын да ошол ачылган банктагы эсепке которуп беришти. Азыр мурдагыдай баланы караганга киши издеп, кызым менен отура турчу бат эле келем деп, кезек күтүп айткан убактан кечигип, балаң сен келгенче курсагы ачып, зарыккан көздөрү менен апасын издеп, бир ордунда жатып калган күндөрдөн арылдык. Бул мактоо же жактоо эмес, болгону иштин көзүн билген, калктын аялуу катмарына түшүнүү менен, элге кызмат кылганын иш жүзүндө далилдегенин айткым келди. Бүгүн 3- декабрь майыптар күнү. Бул күн майрам эмес, дал ошол ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көңүл бөлүп, абалын сурап, кам көрчү күн. Баардык апаларга күч-кубат, сабыр, балдарына ден-соолук тилейм. Эч ким оорубасын.

Эске салсак, 3-декабрь — Эл аралык майыптар куну, 1992-жылы майыптардын он жылдыгынын аягында (1983-1992) Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы өзүнүн №47/3 резолюциясы менен 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү (International Day of Persons with Disabilities) деп жарыялаган. Бул жарлыктын максаты майыптыгы бар адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, майытар жөнүндө билимди жогорулатуу жана колдоо болгон.

 

Булак:  Назгүль Кушназарованын баракчасынан алынды