2020-жылдын 3-декабрь күнү Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине коронавирус илдети менен күрөшүүсүнө көмөк көрсөтүп,  ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери үчүн  жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу, Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги 100 даана коргонуучу кийимдерди, 450 даана коргонуучу көй айнектерди, андан сырткары 150 даана бут кийимдер үчүн коргонуучу чехолдор, 400 даана кол кап тапшырды. Жеке коргоонучу каражаттар   ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери үчүн  арналган.

ИИМдин Бейтапканасынын начальниги Индира Абдыгулова Корея Республикасынын Элчилигине ыраазычылыгын билдирип, ИИМдин Бейтапканасынын кызматкерлеринин ден соолугу бардыгынан жогору экендигин айтып өттү.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коопсуз иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Корея Республикасынын Элчилигине  көрсөткөн жардамы   үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.