Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн майыптар күнүнө карата фейсбук социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:
«Бүгүн ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧА) жарандарга көңүл буруп, камкордукка алган күн. 2 жылдык министрлик кызматта турганымда майыптыгы бар жарандардын медико-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК) өтүү эрежесин кыйла жеңилдеттик. Бирөөнүн кароосуна, камкордугуна муктаж 18 жашка чейинки ДМЧАлардын ата- энелерине ай сайын 4900с (жеке ассистент) маяна чегердик.
Мурдагы жылдарга караганда майып жарандарга кресло-коляска үчүн 5 эсе көп каражат бөлдүк. Тиешелүү токтомдорду иштеп чыгып, көп функциялуу кресло-коляскаларды алууга жол ачып, муктаждарды көп функциялуу коляскалар менен камсыздадык.
Майыптыгы бар жарандар үчүн санатордук-курорттук жолдомолорго мурдагы жылдарга караганда 4 эсе көп каражат бөлүп, көп жылдап жолдомого жетпей келаткан бардык жарандар жолдомо менен ден-соолугун чыңдап жатышат. Эң негизгиси, жаңы жылдан тартып жолдомону акчалай түрүндө берүү маселесин чечтик. Мындан ары ар бир майыптыгы бар жаран жолдомону акчалай алып, өздөрү каалаган жерден дарыланып, эс алууга мүмкүнчүлүк алды.
ДМЧАлар үчүн аткарылган иштердин урунттууларын гана тизмектедим.
Майыптыгы бар жарандар коом менен бирге ар тараптуу тең укукта жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүк, шарттарды түзүүгө бардык аракетибизди жасадык. Урматтуу ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар! Сиздердин жашоо-шартыңыздарды жеңилдетүү боюнча жасала турган иштерим али алдыда. Мен ар бириңиздерге татыктуу жашоо тартуулоону максат кылганмын. Коомубуздун толук кандуу мүчөсү катары татыктуу жашашыңыздарга тилектешмин!»— деп айтылат билдиүүдө.