Баткен облусунда, Кыргыз Республикасынын Президентине мөөнөтүнөн мурда боло турган шайлоого карата даярдыктарды көрүү боюнча, облустук штабдын жыйыны болуп өттү.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов район шаар башчыларына, укук коргоо органдарына шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду. Алар:
— Шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу;
— Калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү;
— Шайлоо участкаларын жана идентификациялоо аппараттардын коопсуздугун камсыздоо;
— Үгүт иштеринин жүрүшүндө жана шайлоого карата акча таратуу жана башка мыйзам бузуучулук иштерге жол бербөө;
— Үгүт иштерин жүргүзгөн талапкерлердин санитардык нормаларды сактоосун көзөмөлдөө;
— Шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо жана жылуулук менен камсыздоо;
— Шайлоочуларды өзүн өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Белгилей кетсек 2021-жылдын 10-январь күнүнө белгиленген КР Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруп өткөрүү максатында, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы бекитилген.
Баткен облусунда 297миң 216 шайлоочу, 215 шайлоо участкасы бар.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы