ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ички иштер министрлигинин өздүк курамы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго атасы Омокан Ниязбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ниязбеков Омокан Ажымуратович 2021-жылы январда 69 жашка толмок.
Жакын адамыңды жоготуу — бул оор сыноо. Сиздин кайгыңызды тең бөлүшөбүз.

ИИМдин Басма сөз кызматы