Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрү менен шугулданган коомдук уюмдарын өкүлдөрү менен жолугушту.
Иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев катышты.
Өзүнүн сөзүндө Төрага майыптыгы бар кишилердин көйгөйлөрү тууралуу мамлекеттик органдардан эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери кантип бузулганын күн сайын көрүп жүрүшкөн кишилерден уккан маанилүү экендигин белгиледи.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Төрагасына өздөрү туш болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.
Майыптыгы бар жарандардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы Толкунбек Исаков “Майыптыгы бар адамдардын укугу жөнүндө” БУУнун конвенцияларынын аткарылышы тууралуу кыскача маалымат берди. Ал Конвенцияны ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн алдында майыптыгы бар кишилердин иши боюнча Кеңеш түзүлгөнүн, бирок азыркы учурда эл аралык документтин нормалары дээрлик ишке ашырылбай жатканын белгиледи. “Өлкөдөгү көп өзгөрүүлөр тигил, же бул мамлекеттик органдын өз учурунда кабыл алынган чечиминин натыйжасында эмес, майыптыгы бар кишилердин өздөрүнүн активдүү ишмердүүлүгүнүн шарапаты менен болуп жатат”,- деди Толкунбек Исаков.
Жолугушуу учурунда мындан тышкары, инклюзивдик билим берүү, майып балдардын көйгөйлөрү, майыптыгы бар адамдардын мекемелерге, ар кандай имараттарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан маселелер талкууланды.
“Манас социалдык айылы» коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлбарчын Такырбашева Төрагага бул мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мекеменин иши балдар үйлөрүнүн жана интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн жеке жана социалдык жактан өнүктүрүүгө, өз кесибин табуусуна багытталып, алардын социалдык ыңгайлашуусун жогорулатат.
Жогорку Кеңештин Төрагасы биздин өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер коомго жетишээрлик деңгээлде интеграциялашпагандыгын өкүнүү менен белгилеп: «Биз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан чоң көрөңгөнү жана мыкты мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө тийишпиз. Мамлекеттин милдети — мындай адамдардын өз талантын өнүктүрүп жана элге көрсөтө алуусуна шарт түзүү”,- деди.
Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов көтөрүлгөн демилгелер үчүн ыраазычылык билдирип, сунуштарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынаарын билдирди.