3-декабрь саат 23.59га карата жалпысынан 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

1. Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;

2. Адахан Мадумаров — 39 856;

3. Аймен Касенов — 46 270;

4. Арстанбек Абдылдаев — 47 998;

5. Арстанбек Мыктыбек — 33 083;

6. Бабыржан Төлбаев — 58 029;

7. Бактыбек Калмаматов — 35 300;

8. Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;

9. Имамидин Ташов (саны белгисиз);

10. Канатбек Исаев (саны белгисиз);

11. Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);

12. Клара Сооронкулова — 33 458;

13. Кубан Чороев — 39 053;

14. Курсан Асанов — 43 864;

15. Равшан Жээнбеков — 39 874;

16. Рашид Тагаев — 40 651;

17. Садыр Жапаров — 59 998;

18. Саматбек Ибраев (саны белгисиз)

19. Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);

20. Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Эске салсак, талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

Булак: NazarNews.kg