Балам, ушундай күн келет мен да карыйм. Ошондо сабырдуу болуп, мени түшүнүүгө аракет кыл. Эгер капысынан жеп жаткан тамагымды төгүп алсам же кийимдеримди сенин жардамыңсыз кийе албасам, “жаш баладай” деп тилдеп, ачууланба мага. Кичинекейиңде сен да ошенткенсин… бирок ал нерсеге менин жүрөгүм оорубайт. Тескерисинче жылмаюу менен эстеймин. Буларды сага үйрөтөм деп, канча убакытым, жаштыгым, канча өмүрүм өтүп жатканы оюма да келбеген.
Бул сен үчүн убакытымды эле эмес, керек болсо “жанымды да аябайм” дегенди билдирет балам. Эгер чогуу сүйлөшүп отурганда, бир сөзүмдү кайра-кайра кайталачу болсом, кыжырданып мени айыптабай айткан сөзүмдү ук. Кичинекей кезиңде мен да сага бир эле жомокту кайра-кайра айтып берчүмүн. А сен ал жомокту ар дайым тыңдоодон тажабайт элең.
А менин өмүр жомогум аяктап баратат, ошондуктан менин айткан сөздөрүмдү оор көрбөй угуп коюшуңду суранам. Эгер азыркы замандын жаңы буюмдарына түшүнбөсөм, мени айыптаба балам… болгону бир аз убакыт бер түшүнүп алышыма. Анткени мен сага туура тамактанып, туура кийинип, турмуш көйгөйлөрүнө каршы кантип күрөшүүнү үйрөтө алганмын. Муну да эптей алышыңа ишенемин, сенин колуңдан келет. Эгер сүйлөшүп жаткан учурда, айтчу сөзүмдү унутуп калсам ачууланба. Эгер билсең… мен үчүн сени менен сүйлөшүп жатканым эмес, сен менен чогуу экендигим маанилүү.
Эсиңдеби…сен кичинекей кезиңде менден алыстоону таптакыр каалабайт элең. Өзүңдү үйгө калтырчу болсом, “апалап” короону кыдырып, чыр салып мени издеп жөнөчүсүң. Кана эле азыр дагы мени издесең, менден алыстагың келбесе…
Эгер карыган буттарым мага кызмат кылуудан, таяныч болуудан баш тартса, мага колуңду соз балам. Жарык жашоого келип, тамтаңдап жаңыдан гана кадам таштап жатканыңда мен колумду созгон сыяктуу. Балам, мен сенин кулап калышыңдан коркчумун. Азыр да корком.
Ошондуктан сен да мага колдоруңду соз. Сенин жардамыңсыз кулап калышым мүмкүн Сени ушунчалык жакшы көрөм…
Бактылуу күндөргө таазим кылам,силер менин бактым жашоомдун маңызы,өмүрумдүн кубанычы, жан дүйнөмдүн ырахаты,жүрөгүмдүн согуп турган бир бөлгүсүң!
«Кайтар дүнүйө» дегендей сага кандай карап чоңойтком болсом,жашым өткөн сайын сен сыяктуу жаш балага айланам. Сенин мага эч нерсең, кымбат баалуу белегиң, үйүң, машинең керек эмес, болгону жүзүңдөгү жылмаюуң, жаркырап карап турган мээримиң, «эне «,»энем «, «энекем » деген сөзүң жетиштүү балам менин.
Сенден дагы бир нерсе сурайт элем, ыйманыңды, Аллах алдында моюун сунуп, мен үчүн, үй-бүлөөң үчүн кылган дубаларың, окуган намазың, эң негизгиси «адам «деген атыңды унутпашыңды каалайт элем берекем. Эгер билсең сенин барлыгың мени жашоодогу үмүтүмдүн шамын күйгүзүп турат, жашымда күчүм-алым барыда эч нерсе муктаж эмес болчуумун, жашым өткөн сайын сенин көзүңдү карап муктаждыгым арта баштайт. Аллахтан сага берекем ыйман, ынсап, ден-соолук, бактылуулук каалап калам, аман бол менин алтындай болгон, асыл жаным балам!
Эске туталы!
Интернет булактарынан алынды.