Эмне себептен ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ырайым алган 230 соттолуучунун тизмеси жарыяланган эмес? Бул суроого КР президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева түшүндүрмө берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн «Садыр Жапаров кимге ырайым кылды? 230 соттолуучунун бошотулушу» аттуу брифингге катышты.

«Бул жашыруун маалымат. Бирөөлөр тууралуу жеке маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Жарлык өзү президенттин сайтына жарыяланат», — деди ал.

Ошондой эле Бондарева мыйзам боюнча президент кайсы гана соттолуучу болбосун, ага ырайым берүүгө укуктуу экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган. Кийин ал адамдардын тизмесин жарыялоо талабы коюлган.