Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

4-декабрь саат 10:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 13 ооруканада 242 бош орун бар.

Коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар:

  • Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы — 14;
  • Улуттук хирургия борбору — 7;
  • Улуттук госпиталь — 25;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 19;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 13;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 33;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 16;
  • Темир жол ооруканасы — 5;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 24;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
  • Республикалык наркология борбору — 63.