Президенттикке талапкер Садыр Жапаров фейсбук социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Баш прокурор, УКМК, ИИМ, Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда:
«Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар», — деп айтылат кайрылууда.