Видео. Каныбек Иманалиев: “Эркиндик болуп, бирок тартип күчтүү болсо мамлекет сакталып калат”

202

Кыргызстан эркин өлкө деп учуп кетпей тартипти сактап жашасак, мамлекет сакталып калат. Мындай пикирди саясатчы Каныбек Иманалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

– “Кыргыздар илгери байлар, манаптар, баатырлар эркиндик үчүн күрөшүп, эркиндик үчүн өлгөн. Бул тарыхтын барактарында ачык турат. Мына биз эркин жашаган элбиз. Эркиндик бул эбегейсиз дөөлөт. Бизде эркиндик болгону менен жаштарга түшүндүрүү кыйын. Жоопкерчиликсиз эркиндик саясатчыларга тиешелүү. Эркинбиз деп башаламан жашап жатабыз. Ал келечегибизге терс таасирин тийгизет. Андыктан эркиндикте тартип күчтүү болушу керек. Мисалы, коңшу өлкөлөрдү алсак. Аларда эркиндик бар, бирок тартип катуу. Биз дагы эркиндик бар деп учуп кетпей, чектен чыкпай, тартипти сактайлы. Ошондо эркин эгемендүү мамалекетти сактап калабыз”, – дейт Каныбек Иманалиев.