Айсулуу Тыныбекова: “Кыргыз өлкөсү жеңди. Кыргыз элиме ыраазычылык айтам!”

225

Айсулуу Тыныбекова Эл аралык күрөш уюмунун виртуалдык турниринин жеңүүчүсү болду.

Айсулуу Тыныбекова кубанычы койнуна батпай сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алганын Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Кыргыз өлкөсү жеңди. Ар бирибиз жеңдик. Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң мертебе шүгүр! Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам. Рахмат!”, – деп жазды Айсулуу Тыныбекова.

Белгилей кетсек, сурамжылоого дүйнөнүн мыкты делген 16 балбан кызы катышкан. Финалга индиялык спортчу менен Айсулуу Тыныбекова чыккан. Индиялык спортчу 121,907 адам добуш берсе, Айсулуу Тыныбекованы 170,989 адам колдогон.