2014-15-жылдарда Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов “Вечерний Бишкек” медиахолдингин Александр Кимден рейдерлик баскынчылык менен тартып алышканы окумал коомчулуктун али эсинде. Алар “ВБны” 2000-жылдарда өз үлүшүн А. Тойгонбаевге сатып жиберген А. Рябушкинге алып беришет.
Сооронбай Жээнбековдун доорунда А. Ким бардык соттук инстанциялардан өз менчигинин ээлиги боюнча соттук иштерди утат. Бирок менчигин кайтара албайт. Көрсө, Жээнбековдун аппаратынын башчысынын орунбасары Алмамбет Салиевдин “көзү” түшүп калып, ишти сүйрөп келгени эми белгилүү болуп жатат. “Көзү” эмне себептен түшкөнүн божомолдоого болот. (Рябушкин аны менен акча бөлүшүп келгендир, ж.б.)
Ал эми азыркы Өзгөчө Кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бир кезде А. Атамбаев менен Ф. Ниязовдун “айдап кел, байлап кел” желдети болгонун ал унутса да мен унута элекмин.
2015-жылы Алмазбек Атамбаев басма сөз жыйынында жакында “ВБга” жаңы команда алып келебиз деп балп эткен. Ошондон кийин Бообек Ажикеев ОсОО “Рубикондун” финансылык директору болуп келди. Дароо кассага Рябушкинди жетелеп барып, аны колу менен 4 млн. сом дивидендди алып кеткен. Атамбаевдин “жаңы командасы” ишти ушундай схема менен баштаган.
Б. Ажикеевдин учурунда “Вечерний Бишкек” Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ийне зымдарды кое турган тендерге катышканын “Вечеркада” иштегендер кеп кылып жүрүшөт.
Ал рекламалык фирмадан түшкөн акчаны гана санабай, мага “Жаңы Агымды” кантип чыгарып, кандайча макала жазыш керектигин үйрөтүп баштады. Кесибин сурасам куруучу экен. Кеп жебеген, бирөөнүн желдети болуп келген неме менен иштөө мүмкүн болбогондуктан мен да “Жаңы Агымдан” кеттим. Рябушкин экөө ошондо эле шилекей алыша баштаган…
“Жаңы Агымды” Б. Ажикеев менен А. Рябушкин жарым жылдан кийин жаап тынышты. Ошол жерден жакшы айлык алып иштеп жатышкан 20дай адам жумушунан айрылды, көрүнгөн жакка кетишти.
2020-жылы бийлик алмашты. Б. Ажикеев ӨКМ министри болуп калды. Анын бул кызматка кандайча келгенин 2008-жылдан тарта ӨКМде Камчыбек Ташиев менен бирге иштегендигинен гана тапса болот.
Б. Ажикеевдин резюмесин карасам, жалаң АУЦанын курулушуна катышкан, “Альфа Телекомдо” иштеген деп гана жүрөт. “Рубикондо” финансылык директор болгонун жазбаптыр. А бирок “Өрткө камыш койгондой өткөн иштин аты бар” дегендей, анын ошол жерде иштегенин билген биз сыяктуу тирүү адамдар бар.
Ушундан кийин А. Рябушкинге канат бүтүп, “бийликке досторум келди” деп алакан ушалап басып калганын билгендер айтып жүрүшөт. Булардын кызыкчылыгы эмнеде экенин божомолдоого болот…
Ал эми Юстиция министри Марат Жаманкулов ар кайсы шылтоону айтып, “Рубиконду” сот аркылуу кайтарып алган А. Кимдин мыйзамдуу документтерин кайра каттабай келе жатат. Буга чейин М. Жаманкулов Алманбет Салиевдин буйругун аткарганын же аткарбаганын так айта албайбыз. Бирок документтерди каттабай келгени факт. Бул тууралуу төмөндө кенен жазылган: https://24.kg/…/175414_delo_laquovecherkiraquo_kto…/
Эми суроо: ушул иштин артында Камчыбек Ташиев турабы же анын атын жамынгандар мыйзамсыз иштерди улантып жатышабы?
Элдин азыркы бийликтин кадр саясатына эмне себептен нааразы болуп жаткандыгын ушундай фактылар көрсөтүп турат.
5-6-октябрдагы төңкөрүш акыйкаттык үчүн болгону чын болсо, анда ушул иште да акыйкаттык ордуна келиши керек.
Аскер Сакыбаев, журналист