Реквием

Каныбек Исаковдун жаркын элесине гүлчамбар

Жакында каргыш тийгир илдеттин айынан жарыкчылыктан өтүп  кеткен, мурдагы билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор  Каныбек Исаков менин эң жакын шакиртим, санаалаш инилеримден эле. Аны менен мындан чейрек кылым мурда, ал ОшМУнун филология факультетинин деканынын орун басары болуп иштеп турганда таанышкам.

Мен ОшТУдан ОшМУга ректор болуп которулганымда жалпы чогулуш өткөрүп,  окуу жайдын ишин жакшыртуу боюнча кимде кандай сунуштар, ойлор  болсо, кат жүзүндө негиздеп жазып берүүлөрүн өтүнгөм. Эң биринчилерден болуп Каныбек Исаков концепциясын сунуштаган. Мага анын концепциясы абдан жагыпжардамчы-кеңешчи кызматын сунуштап, бир жылдан  кийин мамлекеттик тил жана  тарбиялык иштер  боюнча проректорлукка көтөрүлдү.Ошондон бери тилектеш коллегам, санаалаш иним  болуп келди.

Ал адам катары аябагандай сылык-сыпаа, ишке чын дилинен берилген,  кандай маселе  болбосун дароо көзүн таап, аны аткара да, башкаларды шыктандырып,уюштуруп  тарта да билген жан эле.Анын мындай сапаттары, таланты Ош мамлекеттик университетинин 60 жылдыгын өткөрүүдө өзгөчө даана көрүнгөн. Ага бир ишти тапшыргандан кийин анын убагында аткарылышынан, сапатынан кам саначу эмесмин. Жардамчы, проректор катары окуу-тарбия иштерин, студенттердин эс алуу шарттарын жакшыртууда, маданий массалык иш чараларды уюштурууда мага жакындан көмөктөшкөн, мен ректор болуп турганда аткарылган жакшы иштердин бардыгына өз салымын кошкон. Чарчоо, тажоо, жалкоолонуу, бүгүн бүтө турганды эртеңкиге калтыруу  дегенди билчү эмес. Ким менен болбосун тил табышкандыктан улам достору, кесиптештери “диплому жок дипломат” деп коюшчу. Кесиптештерине, студенттерге кайрымдуу, күйүмдүү эле.

Мен ОшМУдан кеткенден кийин ал бир топ жыл Ош гуманитардык педагогикалык институтун жетектеди. Анан 2011- жылы көптөгөн талапкерлердин арасынан тандалып ОшМУга ректор болуп келди. Ал жылда окуу жайдын өз каражатынын  жана сырттан тартылган инвестициялдардын эсебинен ОшМУнун  окуу корпустарын жана  жатаканаларын биринин артынан экинчисин куруп бүтөрүп турду. Мен ОшМУга барган сайын окуу жайда кандай жакшы иштер менен тааныштырып, жаңыдан курулуп жаткан имараттарды кыдыртып көрсөтүп, аларга канчадан каражат кеткенин, кандай жабдуулар, техникалар коюларын  айтып берчү. Мен аларга кубанып, чын дилимден чыккан жакшы сөздөрүмдү, каалоо тилектеримди айтсам, ал да сүйүнүп калчу. Чындыгында эле ОшМУ тарабынан курулган окуу корпустары, жатаканалар экинчи борборубуздун  архитектуралык, маданий жактан көркүн арттырууда  да чоң рольойноодо . Өзгөчө 2018-жылы курулуп бүткөрүлгөн музыкалык   факультеттин 5 кабаттуу имараты ажайып. Анын сыртында узундугу 38 метрлик комуздун рельефи бар. Андан күндүз кыргыздын мыкты күүлөрү жаңырып турса, түндө ар кандай түстөрдөгү жарыктар ойноп,  шаардын ажарын ачып турат.

Каныбек  Исаков ОшМУга ректор болуп турган сегиз-тогуз  жылдын ичинде андай корпустардан ондон ашыгын курдурду. Окуу жайдагы  17 факультеттин бардыгын өз окуу корпустары, жатаканалары менен камсыз кылууну мен баштасам, ал ичтен, сырттан инвестицияларды  тартып,толук аягына чыгарды. Азыр Кыргызстанда материалдык-техникалык базасы, окутуучуларына айлык акылар, сыйлыктар менен камсыз кылуу жагынан ОшМУга теңдешкидей окуу жайы жок. Доктор, профессорлук наамдары барлар 40-50 миң, жөнөкөйлөрү 20 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Он үчүнчү айлык дегендери да бар. Ал ОшМУну инновациялык каражаттар, заманбап техникалар жана жабдуулар менен да толук камсыз кылды. Менин 75 жылдык мааракемдин алдында  университеттин бир чоң бөлмөсүнө мага арналган музейди уюштурду, мааракелик иш чараларга өзү катышып, чын дилинен чыккан каалоо тилектерин да айтып турду. Ага мен гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүм, жакындарыбыз менен кошо ыраазы болуп келүдөбүз. Андай шакиртим менен кантип  сыймыктанбай коё алам?

Кийин да мамилелерибиз жакшы болуп келдик эле.Аман болсо андай мамилелерибиз дагы улана бермек, бирок тагдыр аны буйрубады.

Ал ректор болуп турганда ОшМУда Конфуция институтун ачып, чоң инвестицияларды тартты.Билишимче, дүйнөдө  миңдин айланасында Конфуций институттары жана борборлору бар. Алардын жетекчилери мезгил-мезгили менен жолугушуп, тажрыйба алмашып, мыктыларын аныктап турушат.2017-жылы алар  Кытайда  чогулушуп, Каныбек Исаковду өздөрүнүн ичиндеги эң мыкты ректор деп табышып, университетти “Алтын медаль” менен сыйлашкан. Аны Кытай Эл республикасынын вице-премьер-министри тапшыргандыгы   оштуктарды гана эмес, жалпы республикабыздагыларды сыймыктандыргыдай окуя болгон.

Бирге иштешкендердин арасында ич ара өтүнүчтөр, суранычтар болот. Мени таң калтырганы, мен ОшМУда ректор болуп турганда Каныбек Исаков бирөөнү окууга өткөрүү же ишке жайгаштыруу жөнүндө бир да жолу кайрылган эмес. Ошондо эле мен анын тазалыгына тан берчимүн.  Ал ректор, министр болуп турганда мен да ага андай өтүнүчтөр менен кайрылбадым. Экөөбүздүн кесиптик, ага-инилик мамилелерибиз таза бойдон калды.Жекече кызыкчылыктарыбыз аралашпады.

Ал:  “Бишкек шаары Кыргызстандын башы болсо, Ош анын жүрөгү. Ош шаарында 3 ыйык жана касиеттүу жер бар: Биринчиси — Сулайман Тоо, экинчиси –Ак-Буура, үчүнчүсү—Ош мамлекеттик университети. Шаардын калкынын 10 пайызы ОшМУнун студенттери же окутуучулары жана техникалык кызматкерлери” деп айтып калчу эле. Ал чын, ОшМУ жылыга жаңы имараттарды куруп, мурдагыларын ремонттоп,жүздөгөн  куруучуларды, тейлөөчүлөрдү да туруктуу иштер менен камсыз кылууда.

Ал ректор болуп турганда университетке тийиштүү ыңгайлуу жерлердин бардыгына окуу  корпустарды, жатаканаларды, башка имараттарды  курдурганын, дагы жаңы жайларды курганга жер жоктугун  айтчу. “Сиз убагында ажыратып берип кеткен жерлердин бардыгына имараттарды курдук, эми мэриядан жер суроодобуз” дечү эле. Ректор болуп иштеп турганда дагы көп нерселерди курдурмак, бүткөрмөк.

Ал илимпоз катарында улуттук адабияттагы тамсил жанрын, акын Байдылда Сарногоевдин чыгармаларын изилдеп, иликтөөгө чоң салым кошту. Анын оюнда көркөм чыгармаларды жаратуу да бар эле, бирок жумушу көп болуп, колу тийбегендигинен улам ал ойлорун ректорлуктан кеткенде же пенсияга  чыкканда орундатууга ниеттенип жүрчү. Чындыгында өз чыгармаларын жараткандан билгендерин жаштарга жеткиргенди, аларга таалим-тарбия бергенди артык көрчү. “Таланттуу жаштарга кеңеш берүүдөн кадимкидей эс алам, жумушка келгенде чыныгы формамды сезем, ден соолугум чыңалып калат,- деген экен ал жакын санаалаш  шакирттеринин бирине.

— Ошондой эле мен абдан кыялкечмин, эңсеген кыялдарымды ишке ашырган да адаммын.  Пенсияга чейин аман-эсен иштесем деген оюм бар. Андан соң ардактуу эс алууга чыгып, чыгармачылык менен иштейм. Кудай өмүр берсе, 70-80ге келгенде пьеса жазам, пьесамдын каармандары Асанкайгы, Жээренче чечен, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Жаныбек хан болот.Каармандардын ортосунда достук, көрө албастык, сүйүү жаатында конфликтилер жаралат. Пьеса аягына чыкканда пьесанын автору Каныбек Исаков чакырылып, а мен болсо, аппак сакалым менен элдин алдына чыксам. Менин дүйнөдөгү эң кымбат тилегим ушул. Мындан өткөн бакыт жок мага. Ошол күнгө жетсем, арманым жок эле”.

Тилекке каршы, тилектеш кесиптешим, санаалаш иним мына ушул башкы максатына, тилегине жетпей, аты жаман илдеттен улам жарыкчылыктан  эрте өтүп кетти.

Ал тубаса интернационалист, баарынан  элдин биримдигин, ынтымагын жогору койгон адам эле. Кыргызстан элдеринин кезексиз  7-курултайына делегат болуп катышканда сүйлөгөн сөзүндө: “ Эң коркунучтуу маселе — бир улуттун ичинде болгон диний ажырым, карама-каршылык. Биримдикти бекемдөө үчүн эки принципти туу тутуп жашообуз керек. Биринчиси, кыргызстандык кыргызстандыкты алдабасын, экинчиси, кыргызстандык — кыргызстандыкка жардам берсин”,  дегендиги жетик саясатчы жана мекенчил экендигин ырастап турат.

ЖМКларда, социалдык түйүндөрдө “Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болушу керек. Ошол гана татыктуу” деген маанилерде маалыматтар  көбөйүп, пикирлер айтылып жатканда мен ага атайын жолугуп, эгерде чындап эле министрликти сунуш кылышса, бир жүйөлүү шылтоо таап баш тарткын. ОшМУну жетектеген ар кандай министрлик орундан өйдө. Пландарың көп, ошолорду аткаргын  дегенмин. Өзү деле министр болгонго, анчалык көңүлдөнгөн эместей көрүнгөн мага.  Бирок, мурдатан аны жакшы билген, баалаган мурдагы президенттин көңүлүн кыя албагандыгынан гана макул болду окшойт.

Өткөн жылы 31-декабрда ооруканада  экен, барып көрүп, көпкө сүйлөшүп отургам.Ошонун алдында ал Кытайга барып келген экен Кытайлык календарды белек кылды эле. Ал анын акыркы белеги экендигин кайдан билипмин. Буйруса, ага-ини,тилектеш кесиптеш катары дагы көпкө катышабыз деп жүргөм.Ошондо ал мага министрликтен кетип, парламентке депутаттыкка талапкерлигин койгонго ниети бардыгын айткан. Тилекке каршы, ал ниети да ишке ашпады.

Адамдын жарыкчылыктагы насил-наркы өмүрүнүн узундугу же кыскалыгы менен эмес, эл үчүн аткаргандары, артында калтыргандары менен өлчөнөт. Каныбек иним аз жашаса да, артында айтарлык көп нерселерди калтырды. Мен К.Исаковдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, Ош мамлекеттик университетинин жамаатына  терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун топурагы торко, жаны жаннатта болсун, кыргыз эли барда   анын ысмы, изи өчпөйт дегим келет.

Академик Бектемир Мурзубраимов