Ысык-Көлдө кезектеги кышкы туристтик сезону ачылганына байланыштуу, тоо лыжа базалары жана кышкы эс алуу жайлары өз иштерин башташты. Учурда, облустун аймагында жакынкы чет мамлекеттерден келген туристердин жана жергиликтүү эс алуучулардын саны көбөйүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, облуста жыл бою туристерди жана эс алуучуларды кабыл алуучу 4 курорттук-эс алуу жайы, 2 пансионат жана 4 санаторий иш алып барууда. Ошондой эле, Ак-Суу районунда 2 тоо лыжа базасы да кардарларды кабыл алат.
Туристердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл ОИИБде атайын комплекстүү иш чарасы иштелип чыгып, кышкы туристик сезондо коомдук тартип толук колго алынмакчы. Ал үчүн, 400-жакын милиция кызматкерлери жана 100-ашык эркин элдик кошундардын мүчөлөрү тартылды. Чет мамлекеттик туристер менен негизги жумушту болсо, областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик милициянын 22 кызматкери алып бармакчы.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, аталган кызмат өзүн мурдагы туристтик сезондордо жакшы жагынан көрсөтө алышты. Чет мамлекеттик туристерге бардык жардам көрсөтүлмөкчү, өздүк коопсуздугунан баштап, аймакта багыт көрсөтүүгө чейин. «Каприз» жана «Каракол» тоо лыжа базаларында болсо милициянын убактылуу таяныч пунктары иштейт.
Тоолу аймактарда болсо атайын иштелип чыккан маршруттар боюнча туристтик милиция кызматкерлери кызматтык жол тандабас автоунаалары менен күзөт иштерин жүргүзүп турмакчы. Туристтик милиция кызматкерлерине коюлган негизги талаптар, бул туристтердин милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелинет.
«Милиция, бардык күч түзүмдөрдүн ичинен ар дайыма туристтер жана эс алуучулар менен тыгыз байланышта иштешкен ведомство катарында болгон жана боло берет. Ошондуктан негизги басымды биз туристтер менен милиция ортосундагы мамилелердин өнөктөштүк моделин түзүүгө багыттап жатабыз. Милиция кызматкерлери туристтердин көз алдында кесипкөй, адамдык, моралдык да мүнөздөгү жогорку критерийлерге жооп берген кызматкер болууга тийиш», — дейт Акылбек Бекишев.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы