Жапаров журттун көкүрөгүнө тунган экен. Кайда барба, НАРЫНГАБЫ, ТАЛАС, ОШКОБУ, НООКАТ, КЫЗЫЛ-КЫЯГАБЫ, БАТКЕН, КАДАМЖАЙ, ЛЕЙЛЕККЕБИ ким менен баар кылба Жапаров деп калыптыр эл. Жапаров калктын көкүрөгүнө орноптур. Түштүк түрүлө Жапаров деп турат, кайсы үйгө баш бакпа күчүгү да короосунан Садыр деп үрүп чыгып атат, кыргыздын мал жаны да Садыр деп турат азыр, томолонгон баласы да Садыр деп томолонуп атат, уктаса Садыр деп уктап, ойгонсо Садыр деп ойгонуп турат журт. Садыр анан ошол жүрөгүндө кылдай мини жок, кылдай кири жок баланын ишенчин кантип актабай койсун. Ошол бала Садыр мээрин төгүп жытын искеп турган Садырдын небереси да … Ошол балдардай болуп өбөктөгөн кемпир чалы да Садыр деп турат.

Түштүк элиндей өмүрдө көрбөгөнү калбаган, көкүрөгү зил болбогон, зээни бийик туюмтал калк жок чыгаар. Тээ басмачылык кезден бери эле не деген нерселер өтпөдү баштан, кечээ эле 20-25 жыл мурда Казакстанга, Россияга иштейм деп кирип кетип балдары жоголуп кеткендери канча, балдары келалбай жүргөндөрү канча, ошол кемпир чал Садырдын көксөөсү суубай калган атасы менен энеси да …

Үйөр бүткөн кыргыз журт Садыр деп турат бүгүн, бул бууракан сел добулга эч бир күч туруштук бере албайт.

Кыргызда көкүрөгү тунук Текебаев баш болгон, Мадумаровдой, Шер Нияздай, Калмаматовдой жигиттери да Садырга ишенич артып, Садырды айкөл көкүрөктөрүнө тундурат чыгаар деп ойлойм.

Ушул аты аталган жигиттердин кимиси да болбосун эл үчүн тууган эр катары Кыргыз Журтту кай жерде, кай кезде болбосун көтөргөнгө кудуреттери күч экенине камил ишенем.

Эгерде Кудайдан болбосо анда Садырдын өзүнүн да бардык аракети бекер.

Түрмөгө Садырды Кудай Өзү салды, ошол жерде даярдады, бышырды, чыйрады, оттон суудан аман сактап анан мезгил төп келген кезде алып чыкты да эл башына апкелип койду. Бул Кудайдын иши. Кудай орноткон нерсени чыргыйттаган, кылдан кыйкым издеген сыртынан жылтыраган калп адилдер да, жеп жутуп коём деген ажыдаардай каар күчтөр да бузалбайт.

Бардык мыйзам деген нерседен жогору турган ЖАКШЫЛЫК деген нерсе бар, Жапаров менен ошол ЖАКШЫЛЫК келди кыргызга, ЖАКШЫЛЫК баарынан эркин, баарынан күчтүү. Калк эми ишти талап менен эле эмес, буйрук менен эле эмес жүрөк каалоосу менен эле кылат. А эркин жүрөктүн каалоосу баарынан жогору, баарынан күчтүү. Элдин жүрөгү ток болуп калды, Букарда булу бардын көөнү ток болуп калды. Эгерде кай бир мыйзамдарга шайкеш келбеди деген, ийри түшүп калган келеңсиз учурлар болсо аны да Кудай Өзү түзөп берет.

Эл башчыда жогорудан берилген, бардык таанып билүүдөн да жогору турган, көпмүнөз тармактуу, жашырын сырдуу акылмандык болот, ал Садырда бар. Анын элден башканы ойлобогону, өзүм ач болсом мейли эл ток болсун деген ниети аны көздөгөнүнө алпарат.

Жүрөк ысыткан кубаныч келди эми. Ал биздин Садыр Жапаров.

Автору: Канат Бек Малаев