“Мен өзүм чечем” жаштар акциясынын алкагында өтүп жаткан “МедиаЛаб – 2020” конференциясы Ысык-Көлдүн жээгинде өз ишин улантууда. Шайлоо процессине карата жаштардын мамилесине арналган бул иш-чара USAID уюмунун каржылык колдоосу астында Эл аралык Республикалык Институт IRI жана Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү IFES тарабынан уюштурулган.    

Конференцияга шайлоо процессине арналган мыкты идеялар боюнча сынактын жеңүүчүлөрү, чыгармачылык топторду тузгөн студенттер, медиа-эскперттер жана эл аралык уюмдун өкулдөрү катышып жатат.

Медиа-эксперт жана шайлоо алдында берген убадаларга мониторинг жасоочу долбоордун жетекчиси Наргиза Нанакеева иш-чарага катышкан балдардын зээндүүлүгүнө, креативдүүлүгүнө, өз алдынча позицияларынын бекемдигине баа берди. «”МедиаЛаб – 2020” конференциясынын жыйынтыгында топторго бөлүнүп иштеп жаткан катышуучулар видеографикалык роликтерди жасашы керек.  Бүгүн экинчи күн. Кечээ идея жана сценарийлердин үстүндө иштедик. Бүгүн видеокамерага тартуу процессинин үстүндө иштеп жатабыз. Мен бул конференциянын катышуучулары болгон жаштар менен ошол продукцияларды жаратуунун үстүндө иштеп жатып абдан кубанып жатам. Жаштар идеялардын генератору жана ар бир роликти жасоо этабы аларды катуу кызыктырууда. Чарчаган киши жок. Эртеден кечке чейин кызуу жумуш жүрүп жатат. Эртең видеомонтаж иштери аяктаган соң мыктыларын тандайбыз»,- деп билдирди Наргиза Нанакеева.

Медиа-эксперт жана дизайн менен анимация студиясынын продюсери Мелис Орозалиев өз сөзүндө добуш берүүгө активдүү катышууга чакырган социалдык мүнөздөгү видеороликтин үстүнөн жаштар менен иштөө аны абдан кызыктырды «Бүгүн видео тартуу процессин баштадык. Буга чейин идея жана сценарийлердин үстүнөн иштегенбиз. Бардыгын ийне-жибине чейин талдап бышыктадык. Балдар абдан жөндөмдүү жана тырышчаак экен, тез эле үйрөнүп баары ойдогудай өтүп жатат. Албетте, биз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, сунуштарыбызды айтып жатабыз. Келечекте бул балдардан мыкты адистер чыгат», – деп Мелис Орозалиев өз сөзүн жыйынтыктады.

Конференциянын катышуучусу Аскарбекова Айсулуу жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага биринчи жолу келген. Анын айтымында, роликтер аркылуу мамлекет үчүн маанилүү идеяларды жеткирүү абдан кыйын.  «Кечээ биз роликтердин сценарийлерин жазганды үйрөндүк. Атүгүл бир роликти тартууга жетиштик. Бүгүнкүгө видеого тартуу жана монтаж иштерин пландадык.  Эртең даяр материалдарды сунуштайбыз. Биздин максат адамдарды добушту сатып алуудан жана сатуудан алыс болууга чакыруу!» деп билдирди ал.