Ички саясий тиреште го мейли, бирок мамлекеттин кадыр-баркына, суверендүүлүгүнө шек келип жатканда намыстанып койбойлубу?! Жакында Американын элчиси УКМКнын ишине аралашып, өздөрүнүн каалоолорун таӊуулаган. Андан көп өтпөй эле экинчи кайрылуусун жасап, мамлекеттин ички саясатына өкүмзордук менен тереӊирээк кийлигишти. Укук коргоо органдарына Райымбек Матраимовду кантип жазалоо керектигин үйрөтүп, дипломатиянын чегинен өтүп кетти. Алар дипломатияны бузуп жатканын абдан жакшы түшүнүшөт, бирок билип туруп мурдун тыгып жатканы – мамлекетибиздин суверендүүлүгүнө оор сокку урат. Өзүн сыйлаган мамлекет мындай кийлигишүүгө эч качан жол бербеши керек болчу!
Мына ушул окуялардан кийин, Госдеп — Кыргызстандагы акыркы болуп өткөн окуяларга кылдаттык менен даярданып, пандемиядан улам экономикасы алсырап калган Кыргызстанды талкалоого, тынчтыгын бузууга каалоосу жана аракети болгон деп айтууга болот. Райымбек Матраимовдун айланасында атайын жасалган маалыматтык каралоо – Кыргызстандагы стабилдүүлүктү бузууга карата операция болчу.
Акыркы 1,5 жыл ичинде Америкадан каржыланган массалык маалымат каражаттары, Бейөкмөт уюмдар, укук коргоочу маскасын кийип алган шпиондордун бары биригип “Матраимов” деген страшилка жасашты. “Коркунучтуу Матраимов” образын түзүп алгандан кийин, анын арты менен кыргыз бийлигине чабуул кылып, “Жээнбеков кетсин” деген чакырыктарга өтүп, коомдук нааразычылыктын жаралышына себеп издешти.
Эӊ эле ыӊгайлуу учур – парламенттик шайлоонун жыйынтыгы болчу. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары азырак добуш алган күндө деле батышчыл күчтөр бары бир толкуп чыгып, дестаблизация кылышмак. Кудай берип, эки бийликчил аталып жаткан партияга эл көп добуш берди. Мындай учурда көз жаздымга калтырбаган күчтөр аянтка агылып чыгып, жыйынтыгы бийлик алмашуу болду. Бирок, көптөн бери даярданып келе жаткан “америкачыл” күчтөрдү эмес, эл Садыр Жапаровду тактыга отургузуп алышты. Эгерде алар эӊсеген күчтөр бийликке келип калса, анда Матраимов темасы унутулмак. Эмнеге кайра экинчи ирээт бул теманы көтөрүп чыкты? Элчи сүйлөгөндөн кийин баягы батышчыл күчтөр, “жарандык активисттер” жанданып калышты. Акыркы убакта баягы эле сценарий менен митингдер болуп коюп жатат. Мурда болжогон аракети оӊунан чыкпай калгандан кийин, экинчи жолу, тактап айтканда президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен кайра тополоӊ кылабыз деп максат кылып жатышабы?
Мурда НПО куурчактары аркылуу аралашса, эми Американын Кыргызстандагы элчиси биздин ички саясатка түз басым кылып, аралашып жатат. Кыйыр жана ачык түрдө эле журналисттерди, жарандык коомду кыргыз бийлигинин коррупция боюнча аракеттерине каршы үгүттөп, ага эл аралык коомчулук, Америка кошмо штаттары түз көмөктөшүүгө даяр экендигин айтып жатат!
Алардын коррупция жана Матраимов боюнча көтөрүп жаткан демилгелери – жөн гана биздеги стабилдүүлүктү бузуу үчүн колдонулган механизм экенин көпчүлүк дагы түшүнүп калды. Эмнеге булар башка адамдар тууралуу коррупциялык фактыларды атабайт? Себеби максаттуу түрдө Матраимовго “коррупционер” деген образ жасашкан. А чынында Кыргызстандагы коррупция, элдин тагдыры Американын элчисине тыйынчалык дагы мааниге ээ эмес. Биз Госдептин манипуляциясынын эле курмандыгы болуп, алакандай кыргыз элдин тагдырын зээриккенде тобокелге салып, оюнчук кылып жатканын сезбей жатабыз.
Мен, мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирип, ички саясатка мурдун тыгып жаткан Американын элчисинин аракетине баа берилип, чара көрүлүшүн жана эскертүү берилишин талап кылам.
Урматтуу биздин Тышкы иштер министри, ушул окуялар боюнча министрлик жана тийешелүү органдар тыянак чыгарып, мамлекеттин кадыр баркынын тепселип жатышына кабатырланышсын!
Матраимов болобу же башкасыбы аны кыргыз эл, Кыргыз мамлекетинин өзүнүн тийешелүү органдары чечим чыгарат, Американын элчиси аралашпасын!
Биздин суверендүүлүгүбүздү коргогон тийешелүү органдар – ыкчам жана туура баа берип, элчини тыйыӊыздар!
Элчинин кайрылуусу акыркы убактагы окуялардын артында Америка турарын ачыктап берди.