Кыргызстанда учурда кандай аба каттамдары бар экенин Жарандык авиация агенттиги өзүнүн сайтына жарыялады.

Каттамдар графиги

Түркия:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек, жумасына эки жолу, «АвиаТраффик»;
  • Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына жети жолу, Turkish Airlines;
  • Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына жети жолу, Pegasus Airlines;
  • Анталья — Бишкек — Анталья, жумасына бир жолу, Pegasus Airlines.

Россия:

  • Москва — Бишкек — Москва, жумасына бир жолу, «Аэрофлот»;
  • Бишкек — Москва — Бишкек, жумасына бир жолу, «АвиаТраффик».

Казакстан:

Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына эки жолу, «Эйр Астана».

БАЭ:

  • Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына үч жолу, Fly Dubai.

Өзбекстан:

  • Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына бир жолу, «Узбекистон хаво йуллари».

Кыргызстандын ичинде туруктуу каттамдарды «АвиаТраффик» жана «Тез жет» компаниялары аткарат:

  • Бишкек — Ош — Бишкек, күн сайын 3-4 каттам (жумасына 26 жолу);
  • Жалал-Абад — Бишкек — Жалал-Абад, жумасына бир жолу;
  • Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасына бир жолу.

Суроо-талаптын жогорулашына ылайык, бул каттамдардын саны көбөйтүлүп, Исфана шаарына каттамдар ачылышы мүмкүн.