Жети-Өгүз районунда ысырапкерчиликке бөгөт коюу багытында жергиликтүү имамдар аракеттерди көрүп жатышат. Бул тууралуу райондун башкы имамы Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, дин өкүлдөрү аш-тойлордогу чыгашанын санын азайтуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган демилге райондогу айыл аймактардын башчылары жана жаштар комитети өңдүү уюмдар тарабынан колдоого алынып, учурда ондон ашуун айылда той-топур, өлүм-житимде коротула турган ашыкча чыгашалардын саны кыскарды.

«Ысырапкерчилик— учурда коомчулук арасындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Тилекке каршы колунда бары да, жогу да элдин сөзүнө калуудан коркуп, жамандык-жакшылыктарда ашыкча чыгашага дуушар болушат. Буга динде тыюу салынган. Мындан улам биз район аймагында атайын түшүндүрүү иштерин өткөрүп, аталган көйгөйдүн алдын алуу багытында бар аракетибизди жумшап жатабыз. Бүгүнкү күндө аталган иштердин акыбети кайтып, алгылыктуу жыйынтыктар болуп жатат. Учурда Жети-Өгүз районунун 8 айылында маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча атайын тартип иштелип чыгып, ысырапкерчилик токтотулду жана башка аймактарда да түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мисалы, 4-декабрда Липенка айыл аймагынын тургундары менен чогулуш өткөрүп, ал жактан 3 айылдын жашоочуларын ашыкча чыгашадан баш тартууга чакырдык. Жыйынга Липенка, Богатыровка жана Ичке-Булуң айылдарынын башчылары, имамдар жана жергиликтүү актив катышып, өлүм-житим боюнча бирдиктүү тартип орнотуу тууралуу талкуу жүрдү. Эми алдыда аталган айылдарда өз-өзүнчө жыйын болуп, ортого салынган демилге жөнүндө бир чечим кабыл алынмакчы», — деди ал.

Булак: Турмуш сайты