“Садыр Жапаров сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” – деп Өмүрбек Текебаев айтыптыр. Тескерисинче Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Мындай пикирин бүгүн, 7-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында билдирди.

Өмүрбек Текебаедин “Азаттык” радиосуна берген маегин көрдүм. “Садыр Жапаров сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү жашоо-турмушубуз айдан ачык далилдеп отурат. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, Кыяз Молдокасымов агабыз айткандай, кызылдай эле бизнеске айланып кетти.

Партиянын биринчи ондугуна кирген киши 1 миллион доллардан баштап, арты эки жүз миң долларга чейин берип, Жогорку Кеңешке депутаттык мандатты сатып алып, парламентке келип жатышты. Бул элдин баары билген кашкайган факт. Тагыраак айтсам, Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн долларга чейин сатылып калган. Эл дагы добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп тамыры менен жок болот.

Добуш сатып алган депутат кантип эл үчүн иштейт? Тескерисинче, шайлоодо короткон акчасын беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт. Муну он жылдан бери көрүп келатабыз го. Ошондуктан мамлекетти жок кылууга алпара турган бул системаны сындырып, бир кишинин эмес, бүткүл элдин, мамлекеттин пайдасына иштей турган Баш мыйзам түзүп кетели.

Бул Баш мыйзам беш-он жыл сайын алмашылбаган, керек болсо жүз жыл бекем иштеген Баш мыйзам болсун деп жатабыз. Албетте, жашоо-турмуш өзгөрүп турат. Ошондо да кайра-кайра эле Баш мыйзам өзгөртөбүз деп эки жаат болуп кайым айтыша бербей, майда-чүйдө эрежелерди конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салып туралы деп жатабыз.

2010-жылдагыдай азчылык «силер кимсиңер, силер эч ким эмессиңер» дебестен, аялдардын, жаштардын да укуктуу кызыкчылыктарын камтып, парламентке депутаттар 35 можаритардык, 55 пропорционалдык шайлоо менен келишсин деп атабыз. Адам укуктарын коргоону күчөтөлү, сөз эркиндигин да катуу коргогон нормаларды киргизгиле деп жатабыз.

Текебаевге дагы эмне керек – эч түшүнбөйм?

“Садыр Жапаров Президенттин милдеттин аткаруучу болуп туруп, мени “Маевскийден 1 млн доллар алган” деп калп айтты. Бул сөзү менен сотторго түздөн-түз көргөзмө берди”,- дейт. Баарына белгилүү болгондой, учурда мен Президенттин милдетин аткаруучу эмесмин. Жөн гана катардагы жаранмын.

Макул, мени “калп айтты” десин.

2011-жылы эле Маевскийдин кишиси Модин досу экөө депутат Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевке келип: “Текебаевден 1 млн долларыбызды алып бергилечи”,- деп жардам сурап жүргөнүн кайда катабыз?

Же Дүйшөн Чотонов 2010-жылы эле Өмүрбек Абдрахмановго:

«Маевскийден бир миллион доллар алдык, ошону шайлоого колдонуп жатабыз»,- деп ачыгын айтып алганын кайда катабыз?

Ал убакта ачыкка чыкпаган себеби – Текебаев менен Атамбаев жакшы мамиледе болушкан. Бирок көп өтпөй эле Кудай элдин ырыскысына кол салгандардын бетин ачып койду го. Кыргызстан – кичинекей өлкө. Ким кантип, кайдан уурулук кылып жатканын, саясатчылар бири-бирибизди жакшы билебиз. Мегакомду ошол кезде саттырбай мен сактап калгам.

Албетте, бул кайым айтышуулар Текебаев экөөбүздүн деңгээлибиздеги маселе эмес эле. Бирок азыр жооп берүүгө туура келип жатат. Анткени буга чейин эки, үч жолу элдин башын айлантып, Баш мыйзам, сот реформасы, Кумтөр жана башка маселелер катуу талкууланып жатканда, элдин оюн тескери жолго буруп кеткен учурлары болгон. Жыйынтыгында элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип калган. Эми да ушул тарыхый бурулушта элди тескери жолго буруп жиберсе, накта ошондо 30 жыл дагы артка кетебиз. Президенттерди тегерегиндегилер, айлана-чөйрөсүндөгүлөр бузат деген чын экен, туугандар.

“Ой анын деңгээлине түшпө, мунун деңгээлине түшпө, ылдый болуп кеттиң дегендер көп. Мен эмне ылдый түшпөй, асманда жашап жаттым беле?

Мурдагы мамлекет башындагыларды да «ал сиздин «деңгээл» эмес, бул сиздин деңгээл эмес» деп асманга көкөлөтүп, элден алыстатып жүрүп, президенттерди таптакыр эле элден четтетип коюшту. Акырында таптакыр элдин турмушунан кабарлары болбой, асмандап калганда, эл “жерге” түшүрүп койду. Дал ушундай учурларда жандарында бирөө да калган жок. Баары алардан жаа бою качып кетишти.

Ошол үчүн, мейли ким болбосун жөнү жок сындап, куру доомат коюп, кооз сөздөр менен элди алдап, жаштарды туура эмес жолго жетелегендерге сөзсүз жооп беришим керек.

Мен тарыхтан сабак алдым.

Асмандабай эле, элдин турмушундагы ар бир маанилүү ишке көңүл буруп, катардагы эл менен чогуу жашайм, туугандар“, – деп билдирүү жазды Садыр Жапаров.

Булак: Кыргызтудей сайты