10-декабрдан баштап, декабрь айы үчүн пенсияларды төлөө башталат. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов Биринчи радионун бүгүнкү эфиринде билдирди. Анын белгилешинче, пенсиялык төлөмдөрдү жүргүзүүдө айрым мүчүлүштүктөр орун алып, кечиктирилиши мүмкүн деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андыктан пенсионерлер кабатыр болбой эле койсо болот.
Мукамбетов кошумчалагандай, пенсия алуучулардын саны жыл санап өсүүдө. Маселен, мындан 10 жыл мурда 530 миңдей киши болсо, бүгүнкү күндө 690миңдей жаран пенсия алат.