Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында, аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү 16 күндүк өнөктүктүн алкагында, милициянын кызматкерлери, билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү үчүн окутуу семинары өткөрүлүп жатат.

Аталган иш-чара Ички иштер министрлиги жана “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фондусу менен биргеликте уюштурулуп, 25-ноябрь — Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнүнө карата арналган. Республиканын аймагында “Зордук-зомбулуксуз жашоо” глобалдык өнөктүгү ушул күндөн башталып, аталган иш-чара 10-декабрда — Адам укуктарын коргоо күнүндө аяктамакчы. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн иш мерчеминин, ошондой эле, Ички иштер министрлигинин жана ДПИБ КФнын биргелешкен иш-чараларынын алкагында, аялдарга карата зомбулукту жоюу максатында БУУ тарабынан каржыланган «Аялдарга жана кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун алдын алуу боюнча көп тармактуу мамиле» долбоорунун негизинде, тренингдин катышуучулары сексуалдык зомбулук көйгөйлөрүн, балдарга карата сексуалдык зомбулуктун түрлөрүн түшүнүүнү өркүндөтүү маселелерин, ошондой эле сексуалдык зомбулук менен байланышкан эң кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөрдү жана стереотиптерди изилдөшүүдө.

КР ИИМдин КККнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Н. Адылованын жана ДПИБ КФнын өкүлү Г. Жумабаеванын айтымында, тренингдин негизги максаты – бул сексуалдык зомбулуктун алдын алууда максималдуу натыйжалуулукка жетишүү болуп саналат. «Милиция кызматкерлери, алдын алуу тутумунун бардык органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, зомбулуктун белгилерин аныктоону, жардам көрсөтүүдө иш-аракеттердин алгоритмин билүүнү, жабыр тарткан балдар менен баарлашууда гендердик сезимтал мамилелерди колдонууну үйрөнүүсү маанилүү», — дейт уюштуручулар.

Иш-чаранын аягында, анын катышуучулары мындай тренинг-семинарды өткөрүү менен жаш өспүрүмдөрдүн сексуалдык эркиндигин жана жыныстык кол тийбестигин бузган кылмыштарга, өсүп келе жаткан муундун тийиштүү моралдык-психологиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген көйгөйлүү маселелерге каршы күрөшүү боюнча тийиштүү чараларды өркүндөтүү боюнча керектүү чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзүлөрүн деген ойлорун билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы