“Молдо Нияз мурастары” коомдук фонду кыргыз тарыхында жана тарых изилдөө илиминде опол тоодой орду бар залкар инсандар менен жолугушту. Ага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси, акын жана адабиятчы Омор Сооронов, кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмери, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР УИАсынын академиги Абдыганы Эркебаев, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмер жана кыргыздын белгилүү тарыхчысы, публицист, журналист Кыяс Молдокасымов жана анын урпактары катышты. Профессор, академик тарыхчылар Кыргыз адабиятынын көч баштоочусу, жазма акын улуу инсан Молдо Нияз тууралуу терең баян кылышып, орошон ойлору менен бөлүштү.

Ошондой эле улуу акындын мурастарын жайылтуу тууралуу адабий сынактарды, төкмөлөр арасындагы айтышты, маданият чөйрөсүндө дагы кароо-сынактарды уюштуруп, руханий дөөлөттү даңазалоо тууралуу бир катар сунуштарды беришти. 2023-жылы Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата Кадамжай районунда акындын музейин уюштуруу максатында иш-аракеттер жүрүп жатканын фондунун негиздөөчүсү Айтмат Азамжан уулу билдирди жана алдыда боло турган бир нече тарыхый кадамдарды жасоо пландары менен бөлүштү.