СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ ОКУГУЛА!..
Дагы деле вирус жоктой жашап жатабыз…
Мен да вирус жок деп ойлойт элем. Качан менин атам менен апам ооруп калганда гана бир аз ишенип баштадым. Аларды үйдөн беш күн карадык Температура болуп,баштары ооруп жатышты. Үйгө дарыгер чакырып дарылаганга аракет кылып жаттык. Бирок жардам берген жок. Экөө тең рентгенге барып түшүп келишти. Эки тараптуу пневмония деп чыгарып беришиптир. Дароо түнкү станционарга барып жатышты.
Ал жакта да дарыланып жатышты. Мен эч нерседен кабарым жок. Эртең үйгө чыгып келишет деген үмүттө жүрө бердим. Чалып сүйлөшөйун десем күндөн күнгө жакшы жооп бербей,чалсам албай жатышты. 10-июль күнү байкем байланышка чыкты. Тез арада атам мн апамды жандандыруучу ооруканага которолу деп калды. Мен саат 21-00 чамасында апамдар жаткан станционарга бардым. Жанымда күйөө балам бар. Экөөбүз ээрчишип кирдик. Атам аппарат менен дем алып калыптыр. Бронхити да бар. Эки жактуу пневмония 85/90%. Апам сүйлөгөнгө алы жок, биз жөнөткөн тамактардын бирин да ичкен эмес экен. Ал да 60% эки жактуу пневмония. Абалдары оор. Биз ооруканалардан экөөнө оорун издеп баштадык. Болгон күчүбүзду жумшадык…
Атама улуттук госпиталдан орун чыкты. Түнү менен алып барып жактырдык. Бирок дарыгер мени чакырып телефон номеринди таштап кет. Каза болуп калса кабар айтабыз. Болгон күчүбүзду жумшайбыз калганы Кудайдан» — деп мени чыгарып койду. Мен канти эшикке чыкканымды да билбейм. Мынчалык көп ыйлаган эмес элем. Аллахтан жалынып суранып жаттым… Ошентип үйгө келгиче таңкы төрт болду. Уктай алган жокмун. Таң аткыча Аллахтан суранып дуба кылып чыктым.
Ошентип таң атты. Саат жетилерге жетпей апама жөнөдүк. Барып оорун издеп аны да жайгаштыралы деп тызылдап жүрөм. Ичимде бир ишеним пайда болду. Оорун табылат баары жакшы болот деген. Саат ондорго жакын апамды да улуттук госпиталдан оорун таап алып келдик. Келеери менен апам да кислородный аппарат менен дем алып калды.
Апамды кабыл алган дарыгер Оштон келиптир. Абдан жакшы адам экен. Азыркыга чейин ыраазы болом. Мага келип сен эч жака кетпей апандын жанынан жылбай кара. Масканды чечпе. Өзүңдү абайла. Апанды сактап кал деп чыгып кетти. Мен эмне кылышты билбей кайра артынан бардым. Кантейин, эмне кылайын деп ыйлап алганмын. Ал айтты бул ооруга абдан жакшы уход керек. Алын жетсе уктаба. 10-15 мүнөт сайын оозуна шорпо,ысык малина,лимон чайды трубочка менен берип тур. Себеби азыр алар туруп жутканга алы жок деди. Андан соң комкоросунон жаткырып опконун тушуна жеңил массаж кыл деди. Шарик алып келип бер уйлосун деди. Но тамакты аябай жакшы ичиргенге аракет кыл. Нан, банан, сут азыктарын, камыр тамак бербей тур, туалетке да барбасын, памперс кийгиз. Катуу жотолбосун,кыйкырбасын деп кеңеш берди. Мен таң аткыча ошол дарыгердин айтканындай карап чыктым. Чарчаптырмын таңкы бештерде уктап кетиптрмин.
мурунку күнү да уктаган эмес элем. Алтыларда апам мени ойготту. Көзүмдү ачып эле кантип калды экен деп чуркап бардым. Апам өзү оордунан туруп эле мен аябай жакшы болуп калыптырмын го деп сүйүнүп,үнүн бийик чыгарып сүйлөп калыптыр. Аллахка шүгүр. Өзүнө шүгүр. Ошентип синдимди ордума коюп өзүм уктап алайын деп үйгө кеттим. Ал арада атама тамак берип жиберип турдук. Себеби атам жаткан бөлүмдө милиция кызматкерлери жана ыктыярчыларды коюп койгон. Эч кимди киргизбейт. Себеби өтө оор абалда жаткандар экен. Ошентип эки күн өттү. Мен апам аппараттан чыкты эми атамды карайын деп атам жаткан бөлумго бардым. Эшиктин алдында кире албай отурдум. Эч кимди жолотпойт. Депутаттын кыздары келип жатты.
Чоң чоң машиналарда. Алар деле кире алган жок. Ал жерде таанышын да акчан да жардам бербей турган маал эле. Көпкө карап отурдум. Атамды көргүм келип. Эшиктин алдында жакынынан ажырап калганадар өкүрүп жатышты. Менде бир эле ой болду. Кантип ичине кирип атамдан кабар алсам деген. Себеби телефон чалсам атам ашып кетсе эки же үч секунд сүйлөйт. Анан айла жок үйгө кеттим. Дуба кылып,Аллахтан суранып жаттым. Оюмду бир жерге топтоп жакшы ой менен уктадым. Дагы бир күн өттү. Таң атты. Оюма бир идея келди. Врачтар кандай кийинип жүрсө мен да ошондой кийинип алып кирем деген ой менен күйөө баламды ээрчитип алып дүкөнго бардым 1900 сомго баарын сатып алдым. Дал ошондой кийинип алып оорукананын алдына бардым. Кайтаруучулар кире бериңиз деп киргизди. Колума клеаксан деген дарыны алып алдым. Себеби атама ал дарыны бербей эле башка жеңил дарыларды берип жатышкан. Экинчи кабатка чуркап чыктым. Батыраак атама жетсем экен…
Биринчи палатага кирип бардым. Атам мени тааныган жок. Баягы күчтүү,чын денелуу атам жок. Үч аппарат менен дем алып жатат. Денеси көгөрүп,муздап калыптыр. Мен дароо эле доктурга чуркадым. Жардамга атама келип койгула деп чуркап жүрөм. Эч ким жок. Мед айымдар биз жооп бере албайбыз доктурду табыныз деп коюшту алар деле чарчаптыр. Баардык жакты карадым. Доктур жок. Үчүнчү кабатка чыгып жандандыруучу бөлүмдөн бир доктурду таап алдым. Дароо эле атамдын абалын түшүндүрүп баштадым. Жүру деп ал чуркап жөнөдү. Келип эле текшерип Мед айымдарды урушуп баштады. Клеаксан бериш керек деди. Менде бар дедим.
Баягы көтөрүп алган дарымды карматтым. Ошол заматта берди. Ошентип дарыгер менен сүйлөшүп баардык нерсени мойнума алам болгону атамды карап жатканга уруксат бериңиз деп сурандым. Ал үч күнгө чейин гана уруксат берди. Ошого да шүгүр дедим. Чыгып күйөө балам Калыска формаларды кийгизип оордума таштап келдим. Себеби мен апамды ал атамды карамай болду. Бир күн өткөндөн кийин экөөбүз тең чарчап калып жаттык. Жардамга байкемдин досу келди. Ал да форма кийип атамды карап жатты. Сиңдим Ырыскул болсо апамды караганга жардам берип жатты. Апам бат эле айыгып үйгө чыгып келди. Атам болсо жакшы боло албай жатты.
Кан куябыз дешти. Мен апамды караган дарыгерге бардым. Биринчи атамдын абалын түшүндүрүп анан сурадым. «Ачыгын айтынызчы. Эгер сиздин атаныз же жакыныңыз ушундай болсо кан куйдурат белеңиз» — дедим. Ал «албетте жок!» — деп жооп берди. Мен атама кан куйбагыла деп токтотуп койдум. Бир күнү атам смс жазыптыр. «Актемра» деген дарыны таап алып келгиле деп. Мен биринчи дарыканалардан карадым. Таппадым. Кийин Россиядагы Диля эжеге,Бермет эжеге жаздым. Алар тапты 89 мин рубль экен дешти. Жарым саат өтпөй эле 139 миң рублга көтөрүлдү деп калышты. Башка жерде жок. Болгон тааныштарга,достор баары издеди. Таппадык… Байкем экөөбүз сүйлөшүп Москвадагы Актемраны алууга макулдаштык.
Байкем 139 миң рубль эми которойун дегенде Диля эже жазып калды. Хани жетишпейбиз самолет учуп кетет деп калды. Мен аябай ыйладым. Каалаган акчанарды айткыла десем да эч ким таппай койду. Түнкү саат он бирлерге жакын байкем жазып калды. Твиттерде бирөө сатып жатат. Биз жашаган райондун тегерегинде эле жашайт экен барып сатып алгыла деп. Менин суйунгонумду билсеңер. Болгону 25 миң сом эле экен. Ага деле караган жокмун. Түнү мн барып алып келдик. Ушунчалык сүйүндум. Ушул дары себепчи болуп айыгып кетсин деп тиленип жаттым.
Себеби ал дарыны колдонгон 100 адамдан бир адам эле жакшы болбой калышы мүмкүн экенин айтышты. Атама эрте мн алып кетишти. Эки күндөн кийин атам жакшы уктап,сүйлөшүп, жакшы тамак жеп калды. Андан кийин бир канча күн өткөн соң үйгө чыгып келди.
Аллахка жалынып шүгүр намаздарды көп көп окудум. Шүгүр өзүнө….
Эгерде сиздердин жакындарыныз ооруп калса сөзсүз жанында болуп абдан жакшы көнул буруп караныз. Бул оору билинбей эле күн сайын көбөйүп отуруп акыры адамдын жанын алып тынат экен. Балким бирөөгө жардамы тийип калат деген ойдо жаздым. Бул практиканы мен беш адамга жасап жыйынтыгын көрүп анан силер менен болушууну туура көрдүм.
Эч ким оорубасын. Өзүңөрдү жакшы карагыла.
Ошол учурда мага жардам берген баардык дос тааныш туугандарга рахматымды айтам! Силерге менден кайтпаса да Аллахтан сөзсүз кайтат. Жакшылыгынарды унутпаймын. Азыр суйлошпой калсак да силер менин дубамдасынар.
БИР ТУУГАНЫНАР ХАНИ.