Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы боюнча Жер ресурстар башкармалыгынын командасы 1999-жылга чейин курулган жеке турак үйлөр үчүн жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча шаардыктардын маселелерин чечет.
Бүгүнкү күндө жеке турак жай куруу маселелери боюнча 189 жарандын арызы каралууда. Арыздардын көпчүлүгүндө оң чечим чыгарууга мыйзамдуу негиздер бар.
Коомдук бирикмелер менен бирдикте жумушчу топтор түзүлүп, анда жер участокторун инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын имаратында (КМККБ) шаардыктардын кайрылуулары үчүн коомдук кабылдама түзүлдү. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөчөсү 188.
Жакында Бишкек шаардык Кеңешке (БШК) 1999-жылгы чейин курулган азыркы турган жеке турак үйлөрдүн жер участокторун мыйзамдаштыруу маселелерин кароонун жол-жобосун жөнгө салган жобонун аныктыгын тактоо боюнча кат жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, 1999-жылдан кийин курулган үй курулуштары үчүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору буга чейин демилгеленип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн, азыркы учурда көрсөтүлгөн долбоордун макамы такталууда.
Эске салсак, 20-ноябрда үч үй-бүлө Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун алышкан, ага ылайык, алар турак үйлөрүнө укук ырастоочу документтерди ала алышат.
Бул багыттагы иштер жер саясаты, шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулунун жетекчилиги астында улантылууда.
Булак: Биринчи радио