7-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Төрага Талант Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап жетишилген өз ара байланышты мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
«Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын алкагындагы жолугушуулар бул жааттагы алаканы арттыруудагы негизги кадам катары эки элдин достугун бекемдөөдө өтө маанилүү», — деди Талант Мамытов.
Муну менен катар Төрага COVID-19 пандемиясы Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгилеп, буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
Ошондой эле кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды жана талаптарды сактоо менен аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.
Учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канаттандырбай жаткандыгын белгилеген Төрага Талант Мамытов: «Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир жаралууда», — деп кошумчалады.