Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти. Коробицкая 42 км 195 метр аралыкта жүгүрүп, алтын медалдын ээси болду. Ал маарага 2 саат 26 мүнөт 42 секундда келди. Илья Тяпкин ушул эле аралыкта 2 саат 16 мүнөт 7 секундда келип, күмүш медалды жеңди. Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн кыз-келиндер маарага 2:29:30 секундда, эркектер 2:11:30 секундда келиши керек эле. Мындан улам Мария Коробицкая Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.