2020-жылдын 7-8-декабрь күнү, ИИМдин ЭММКАКнын демилгеси менен уюштурулган диний экстремизмди алдын алуу максатында, «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада Ош шаарынын ички иштер кызматкерлерине, Ош шаардык билим берүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жаштар комитетинин, борборлорунун өкүлдөрүнө жана Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттердин молдолору менен семинар, жолугушуулар болуп өттү.


Аталган иш-чараларга Ош шаарынын аймагында жайгашкан 23 мектептин мугалимдери, 78 мечиттин имамдары келип, Ош шаарынын 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жана Ош шаардык ИИБнин жашы жетелектердин инспекциясынын инспекторлору, аймактык тескөөчүлөрү, ЭММКАКнын кызматкерлери катышты.


Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын Теологиялык изилдөөлөр жана методикалык уюштуруу жана кибер коркунучтарды алдын алуу бөлүмдөрүнүн кызматкери милициянын подполковниги Аманбаев Манас Каримжанович, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу боюнча алдын алуу коопсуздук жана мыйзам бузууларга жол бербөө максатында дин кызматкаерлеринин шайлоо учурунда үгүттөө иштерине аралашпоого, мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу эскертип өттү жана диний экстремизмди алдын алуу, болтурбоо үчүн молдолордун ролу эл алдында чоң экендигин жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууну сунушташты.
Ошондой эле, жогоруда аталган кызматтын кызматкерлери Медер Карабаев, Илгиз Ырысбаев Ош шаарынын билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, Ош шаардык ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө жана аймактык тескөөчүлөрүнө интернет айдынындагы жана социалдык тармактардагы жаштардын радикалдашуусун жана диний экстремизмдин алдын алуу багытындагы иш-чараларды өткөрүү маанилүү экендигин жана COVID-19 илдетине байланыштуу, санитардык эрежелерди мектептерде жана намаз учурунда мечиттерде сакталышын көзөмөлдөп турууну эскертти.
Аталган семинар, жолугушуулардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстермизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 5000 жакын усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер таратылды. Мындай иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.
Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы