7-декабрь күнү айрым социалдык тармактарда видео тасма жарыяланып, анда белгисиз адам, бирөөнүн мал сарайынан бир баш жылкы уурдаганы тартылган. Ошондой эле, видео тасманын аталышы: «Пойман с поличным: В Иссык-Кульской области мужчина ворует скот у сельчан и остается безнаказанным», — деп көрсөтүлгөн.
Аталган видео тасма боюнча төмөӊдөгүлөрдү билдиребиз: 6-декабрь күнү Түп райондук милициясына 46-жаштагы Ой-Тал айылынын тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 20.30 чамаларында белгисиз адам мал сарайына кирип, бир баш жылкысын жетелеп чыканын, андан кийин үй ээлери көрүп калып, артынан кууганда, уурдаган малды талаага таштап качып кеткенин билдирген. Ошондой эле, арыз ээси мал уурулук фактысы видеокөзөмөлгө түшкөн тасманы да милиция кызматкерлерине тапшырып берген.
Арыз Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Видео тасманы изилдеген милиция кызматкерлери, эртеси эле шектүү адамдын өздүгүн аныкташып, колго түшүрүштү. Ал, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 52-жаштагы тургуну К.М. болуп чыгып, күнөөсүн мойнуна алды.
Учурда, кармалган адамдын башка мал уурулук фактыларына тиешестигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы