Бишкек башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жамаатка жыйын өткөрүп, жаңы дайындалган кызматкерлер менен тааныштырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Алар:

  • Абдес Анарбеков — мэрия аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды, мурда милдетин аткаруучу болуп келген;
  • Мырза-Айым Камчыбекова — мэриянын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Асхат Осмонов — мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси;
  • Нурлан Наматов — «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчиси;
  • Тынчтык Медербеков — «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары;
  • Адилет Курпердиев — «Бишкек наабайкана» ишканасынын жетекчиси;
  • Бакай Турдугулов — Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • Азамат Сагындык уулу — жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр.