Коомдук ишмер, мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Османалиев 2020-жылдын 2-мартында ошол кездеги камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингдеги башаламандыктан улам, «Бийликти басып алууга аракет жасады» деген айып тагылып камакка алынган. Кийин пандемия учурунда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына бүгүн Каныбек Осмоналиев бул видеону бөлүшүп төмөнкүдөй билдирүү калтырган: «Ушул окуялар кечээ эле болду эле. Азыр такыр башка адамдар «баатыр» болуп чыга келишти!!!».