Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоо сөзү:
«Урматтуу телеберүү жана радио кызматкерлери!
Телеберүү жана радио уктуруулар – коомдогу таанымалдыгы боюнча биринчи орунда турган, расмий маалымат каражаттарынын негизгиси. 62 жыл мурда дал ушул күнү биринчи телепрограмма ачылгандан тартып замандын шарттарына ылайык коомдун суроо-талабын канааттандырып, тынымсыз өркүндөөнүн үстүндө иштеп келе жатасыздар. Азыркы учурда Кыргыз телерадио каналдарынын диапозону кеңейип, санариптик форматка өтүп, 24 саат бою көрөрмандарга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүп келесиздер.
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 8-декабрь өлкөнүн телеберүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Формалдуу эмес төртүнчү бийликтин чоң тармагы телеберүү жана радио уктуруу экендиги талашсыз. Айрыкча телекөрсөтүүлөрдүн таасири жасалмасы жок жандуу жана күчтүү. Аткаруу бийлигинин ишин маалыматтык колдоодо, коррупцияны алдын алууда, керектүү демилгелерди коомчулукка туура өңүттө жана убагында жеткирүүдө маанилүү факторлордун бири журналисттердин күчү экендигин баса белгилеп кетүүгө болот.
Эркин жана сынчыл пресса дайыма ыңгайсыз экендигине карабастан, телерадио журналисттери менен коомчулуктун жана бийликтин ортосунда дайыма ачык, ыкчам жана үзгүлтүксүз диалогдордун болуп турушу маанилүү.
Дүйнө күн сайын өзгөрүүлөргө туш болуп жаткан азыркы учурда, жаңылануудан артта калбай, интернет менен бирге маалыматтык айдыңда атаандаштыкка татыктуу туруштук берүү жана жетишкендиктерге жетишүү оңой эмес. Айрыкча дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү менен бирге Кыргызстандын калкын, социалдык, саясий жана экономикалык жактан кабардар кылып, коомдун көз карашын калыптандырып, улуттук маданияттын ролун күчөтүү менен Кыргыз мамлекетин дүйнөгө таанытууда өз салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар. Мунун баары – эфирге чыккан, эфирдин артындагы кызмат кылган бардык кызматкерлердин биримдиктүү аракети, талбаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүңүздөрдүн акыбети.
Арышыңыздар арбып, ийгилигиңиздер артып, жакшылыктын жарчысы боло бериңиздер».