Кечээ, 7-декабрда кечки саат 22:00 чамасында Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына караштуу Лесхоз участкасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкан.

Маалыматка караганда, Кара-Булак айылынын 1961-жылы туулган тургуну Р.М. «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Булак айылынан Баткен шаарын көздөй бара жатып, Ош–Баткен–Исфана жолунун 214-чакырымында кырсыкка кабылып, унаа ала салып кеткен. Анын ичинде 5 адам бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 1 адам Баткен облустук бириккен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды.