Россияга учуп кете турган кыргызстандыктардан чек арачылар уруксат кагазын сурап жатышат. Уруксат кагазды айыл өкмөттөрдө 20 миң сомдон сатып жатышат, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында.

«Башка өлкөгө учуп баргандан кийин уруксат кагазын эч ким сурабайт. Ал эми айыл өкмөттөр андай уруксат кагаздарын 20 миң сомго сатып жатышат. Бул биздин чек арадагы коррупция», — деди Сабиров.

Ал бул схеманы ким ойлоп тапканын сурады.

«Эл ансыз деле учуп кете албай жатат. Билеттерди жумасына бир жолу болуучу рейстерге сатып алышат, анан чек арада коррупцияны уюштуруп алышыптыр. Акча табууга кетип жаткандан адамдардан мамлекет акча уурдап жатат», — деди Сабиров.

Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Курманбек Исаков Кыргызстандан чыгып кетүү үчүн эч кандай чек коюлбаганын, маалым кат же уруксат кагаздары – авиакомпаниялардын талабы экенин айтты.

«Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө жок», — деди ал.