2020-жылдын 29-ноябрь күнү Ноокат районунун 30 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жайгашкан мончодо “Redmi NOT8” үлгүсүндөгү базар баасы 12 800 сом болгон уюлдук телефонун белгисиз атуулдар тарабынан уурдатканын билдирип, милицияга арыз жазган.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери бул кылмыш боюнча Ноокат районунун 18 жаштагы Р.Э. аттуу тургунун Кызыл-Кыя шаарында жүргөн жеринен аныктап кармашкан.
Ушул эле жылдын 29-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын 24 жаштагы тургунунун дүкөнүнүн айнегин сындырып киришип, 17 650 сомдук кийим-кечесин белгисиз атуулдар уурдап кеткен.
Бул факты да Кызыл-Кыя ШИИБне катталып, ыкчам иликтөө тобу түзүлгөн.
Ошондой эле, ушул эле жылдын 28-ноябрында Кызыл-Кыя шаарындагы базарда Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургунун колундагы “Samsung A40” үлгүсүндөгү базар баасы 14000 сом болгон телефонун Б. аттуу жаран тартып алып, изин жашырып кеткен.
Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноочулук) менен катталып, тергөө иштери башталган.
Жогорудагы катталган кылмыштар боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, ушул эле шаардын Совхоз участкасынын 17 жаштагы А.Я. аттуу тургунун аныктап кармашкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган мүлктөр өз ээлерине кайтарылып берилген. Азыркы күндө жогорудагы фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы