Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Россиянын басма сөз каражаттары жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен жазышты.

Кыргызстандын 20 жаштагы жаранынын жансыз денесин кечээ, 7-декабрда кечинде көп кабаттуу үйдүн алдынан табышкан. Алдын ала маалыматка караганда, маркум 16-кабаттагы терезеден кулаган.

Россиянын басма сөз каражаттары билдиргендей, маркум Екатеринбург шаарына 2019-жылы акча табуу үчүн келген. Ал кулаган көп кабаттуу үйдө агасы жашачу.

«Жансыз денеси табылганга чейин маркум жакындарына смс-билдирүү жөнөтүптүр. Ал баарын, анын ичинде чек аралар жабылганына байланыштуу узакка чейин көрүшө албай келген сүйлөшкөн кызын жакшы көрөрүн жазган», – деп айтылат маалыматта.