Аюуң менен жерге киргир. Безилдетти го чиркин.
Максим деген жакшы орус бала бар. Аябай дос болуп алдык. Ошонун кафесин салып жатканбыз. Кафель коюп жүргөм. Бир жолу кечинде келиптир. «Нурик шабашка есть, будеш работать» деп. Шабашкасы тренеринин мүрзөсүнө кафель коюш керек экен. 25миң берем деди. Сразу давай дедим. Бир күндүк эле жумуш экен. «Жырный» шабашка да. Мындай иш кокустан эле анда санда чыгат. Мен иштеген объектиде Түптүн Талды-Суусунан эки бала да иштечү, аларга айтпа дедим. Ошентип эртеси жөнөдүк. Максим эки досун ээрчитип алды. Бу жиндилер мүрзөдөн арак иче беришет экен. Мен иштеп атам. Тигилер маңдайымда отурушат. Берки эки досу кызып калды. Жеткирип келейин деп Максим алып кетти экөөнү. Он мүнөт өтпөй эле тигилер отурган жерди бир деме келип столдогу пакетти аңтарып атат. Койбу деп коём, же торпокпу деп бир аз карап калдым. Кудай бетин салбасын аюу экен. Беш метрдей эле аралыктабыз. Денем муздай түштү. Мен да чийип белгилеп тынч иштеп жаткам. Байкаган эмес окшойт. «Эй» деп эле кыйкырып жибердим. Баягы тикесинен эки аяктап тура калды. Чоң экен килтейип.
Анан безди го Нукең.
Орус мүрзөлөр коругу жапызыраак экен. Атап секирип эле жөнөдүм. Биринчи «чык, энеңди урайын чык» деп кыйкырып алыпмын. Андан кийин «помогите» деп айкырып баштадым. Мен коруктарды аттап чуркасам тиги айланып чуркап бир аз буйдалып келе жатты. Океңдердин мүрзөсү айылга окшоп ирээттүү экен көчө көчө болуп. Ошентип жан талашып чуркап баратам. Тиги сапсалаңдап артымда. Машина өтө турган жол чыкты, ошол жакка чыксам жетээрин билдим. Бирок алды жактан элдер машиначан жөө болуп мен жакка чуркап келатышыптыр. Аюу аз калды, Таштанды салган челекке секирип түштүм. Ошол маалда машиналар да келип калып аюумду кубалап, мени куткарып калышты. Дагы деле тирүү экениме ишене албай отурдум.
Элдин ичинен бир орус одноразывый стаканга толо коньяк куйду. «На пей» дейт. Ичпейм десем, «хотя бы глаток» деди. Ооз тийип бердим. Тигилер баягы коньякты айланта бирден ууртап жатышты. «С днём рождением» деп коюшат. Ууртагандар мага акча беришти.7-8миң чогулттум.
Ким чалганын билбейм МЧС менен Полиция келди. «Сен жабыркабаптырсың, ошон үчүн биз аюуну өлтүрө албайбыз» дейт. Законуңу урайындар десе.
Кудай колдоду. Бирок 25 миң да кайра азгырат. Максим келди. Машинаны коюп алып иштеп жаттык. Бир убакта тынч отурсак тиги жетим кайра келсе болобу чёрттуку. Кетпейт айланып. (Видеого тартканбыз, лентамда бар)
Орустар мүрзөгө момпосуй, печенье сыяктуу нерселерди таштап коюшат экен. Ошого татканган аюу окшойт. Кийин да бир аялга кол салып, атайын кишилер келип атып өлтүрүшүптүр.
«Это совсем мелкий» деп коёт. Эки жылдык аюу экен. Боюу тай торпоктой болчу.
Ошентип бир аман калгам. Эртеси шабашкамды кошуп айлыгымды алып жатсам чоңураак сумма болду. Максим көзүн чекчейтип туруп «кечээ сени аюу жеп кетсе болмок экен» деп коёт. Көбүрөөк акча бергиси келбей.
Тарыхымдагы эң унутулгус окуямдын бири ушул болду окшойт.
Ии баса, ошол акчанын жарымына бир торпок алгам. Жазында тууйт болуш керек буюрса.
Жарымын Маку продукта менен квартплатага жумшады
Автору Нурбек Жумабеков