Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын бардык спектрин талкуулашты.

Тактап айтканда, ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин жыйындысын кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди.