Финансы полициясынын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмү Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды, тактап айтканда, Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алган курсанттар (контракттар) жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтардын жыйынды жылдык отчет боюнча айырмачылыктар табылды.

Натыйжада, “А.П.” ЖЧКнын автомектептеринин бири гана мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирген. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Азыркы убакта Кыргызстандын бүткүл аймактарында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.