Куршаб айыл аймагында социалдык шаарча курулууда, — деп маалымдайт өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, «Ас-Сафа» фонду тарабынан курулуп жаткан шаарча 2021-жылы колдонууга берилет.

«Аталган шаарчада 25 корпус болот. Балдар ойноочу аянтча, мечит, социалдык дүкөн, жашоочуларды жумуш менен камсыз кылуу максатында цех курулууда. Ар бир үй баардык шарты менен социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө өткөрүлүп берилет. Алсак, жаштайынан ата-энесинен ажыраган, турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилет», — деп айтылат маалыматта.